Компаньон Банкынан ипотека

Жеке экосистемасы жана заманбап инфраструктурасы менен камсыздалган Бишкектин биринчи турак жай комплекси Royal Central Parkтан батир сатып алыңыз.

Бишкек
©2026

Проект тууралуу

Royal Central Park — «шаар ичиндеги шаар» форматындагы турак жай комплекси

Бул жөн гана комплекс эмес, бул жашоо, иштөө жана эс алуу үчүн керектүү нерселердин бардыгын камтыган мейкиндик:  

• мектептер жана ооруканалар;  
• эл аралык соода борборлору, премиум класстагы офистик комплекстер;  
• балдардын чыгармачылыгы үчүн чөлкөмдөр, көп функционалдуу спорт комплекстери, коомдук ачык мейкиндиктер, иш-чара өткөрүү үчүн аянттар.  

Долбоордун өзгөчөлүгү – жалпы аймактын 50% ашыгы жашыл аймактар жана суу объекттери үчүн каралган.  

Бул турак жай комплексинин ичинде жашоо үчүн таза жана туруктуу чөйрөнү камсыздап, кооз табият менен гармониялуу айкалышты түзөт.

Батирлер — 1 бөлмөлүүдөн баштап дуплекс жана пентхаустарга чейин

Жалпы үй-бүлөнүн жашоосу үчун ылайыктуу пландаштыруу жана функционалдуулук: европалык системалар, “акылдуу үй”, электр энергиясын үнөмдөө технологиялары, 8 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алган конструкциялар, панорамалык терезелер, бийиктиги 3 м башталган шыптар ж.б.

Борбордук парк — 10 га

Анда ар бириңиз өзүңүз издеген нерсени – баа жеткиз тынчтыкты, медитацияга керектүү аймакты, коомдук фестивалдарды өткөрүү үчүн керектүү аймакты таба аласыз.

Жалпы аянты 15 000 м² түзгөн көлдөр

Royal Central Park — Бишкектеги жеке көлдөрү бар биринчи турак жай комплекси.
Көлдөрдүн аймагында сууда калкып турган сахналар, фонтандар жана суунун бетин чоң экранга айланткан 3D-мэппинг технологиялары каралган.

Ачык асман алдындагы комплекстүү спорттук аянттар

17 000 м² — спорттук аянттын жалпы аймагы “Спартак” стадионунан 2,5 эсе чоң.  
Активдүү жашоо үчүн мейкиндик: чуркоо жолдорун, заманбап машыгуу щаймандарын, йога жана пилатес аймактарын жана топ менен машыгууну өткөрүү үчүн аянттарды камтыйт.

Коопсуздук системасы

комплекс аймагына кирүү дарбазаларына көзөмөл жүргүзүүдөн баштап ар бир батирдеги коопсуздукту камсыздоо үчүн жеке чечимдер жана лифттерге чектелген жеткиликтүүлүккө чейин коргонуунун 5 деңгээлин камтыйт.

Архитектура

комплекс Бишкек шаарында гана эмес бүткүл Борбордук Азия аймагында дагы уникалдуу болгон чечимдер жана маанилүү объекттерди камтыйт. Булар биригип жогорку сапатты жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү камсыздайт.
Продолжайте скроллить

All-in-One

Royal Central Park

форматы

суммалары жана шарттары

Ипотеканын шарттары

• Кредиттин суммасы: 500 000 ден 20 000 000 сомго чейин
• Батирлер үчүн атайын баа
• Кредиттин мөөнөтү: 15 жылга чейин
• Баштапкы төлөм: 0% баштап
• Номиналдык жылдык пайыздык чен: 16% 
• Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 17,49%
• Күрөө: сатып алынган батир

суммалары жана шарттары

Ипотеканын шарттары

• Кредиттин суммасы: 500 000 ден 20 000 000 сомго чейин
• Кредиттин мөөнөтү: 15 жылга чейин
• Жеңилдетүү мезгили: 2029-жылдын 31-мартына же батирдин ачкычын алганга чейин. Бул мезгилде пайыздык төлөмдөрдү толугу менен/бир бөлүгүн курулуш компания төлөйт. Негизги карыз боюнча төлөмдөр батирди алган соң башталат. Жеңилдетүү мезгили аяктагандан кийин кредитти төлөө стандарттуу түрдө жүргүзүлөт. Баштапкы төлөм: батирдин жалпы баасынын 30% түзөт
• Номиналдык жылдык пайыздык чен: 15% 
• Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 16,4%
• Күрөө: сатып алынган батир

Өзгөчөлүктөр

Ипотеканын артыкчылыктары

Батирлер үчүн атайын баа

Компаньон Банкынын ипотекасы аркылуу Royal Central Parkтан батир сатып алууну каалаган кардарлар үчүн атайын шарттар жана баалар жеткиликтүү.

Баштапкы төлөмсүз батир алыңыз

Эффективдүү пайыздык чен 16,4% башталат.
Бишкек боюнча эң ыңгайлуу кредиттик шарттар

Долбоордун эл аралык экспертизасы

Долбоордун архитектурасын Nikken Sekkei япониялык фирмасы иштеп чыккан. Ал эми жалпы долбоор RCA Living компаниясы менен ишке ашырылат.

Бардыгы үчүн жеткиликтүүлүк

Баштапкы төлөмсүз ипотека - көп жылдык акча топтоосуз батир сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Сом менен болгон ишенимдүү актив

Капиталды инфляциядан коргоо. Кыймылсыз мүлк – стабилдүү куралдардын бири

Инвестициялык ийкемдүүлүк

Курулуш аяктагандан кийин сиз: батирде өзүңүз жашай аласыз, же батирди ижарага берип, туруктуу киреше ала аласыз, же болбосо аны сатып, инвестициялык пайда көрө аласыз.

Инструкция

кадамдар

Ипотеканы алуу үчүн эмне кылуу керек

1. Сайт аркылуу өтүнмөнү калтырыңыз
2. Жеке эсептөөлөрдү алыңыз
3. Банкка документтериңизди тапшырыңыз
4. Келишимге кол коюп, батирдин баасын бекитиңиз

Көп берилүүчү суроолор

?
Керектүү документтер
• КР жаранынын паспорту
• Кирешени тастыктаган документ:
- акыркы 3 айда алынган айлык акы тууралуу маалым кат
- патент/электрондук патент же жеке ишкердин күбөлүгү
- ижара тууралуу келишим (эгер кирешенин булагы катары жайды ижарага берүү көрсөтүлсө)
• нике тууралуу күбөлүк (никеси бар учурда)
?
Баштапкы төлөм 0% болсо, кошумча күрөө талап кылынабы?
Ооба, баштапкы төлөмсүз ипотека тариздеген учурда кошумча күрөө талап кылынат. Күрөө тууралуу маалымат индивидуалдуу түрдө өтүнмө калтырган учурда берилет.
?
Кредитти мөөнөттөн эрте төлөп бүтүрсө болобу?
Сиз каалаган убакта кредитти толугу менен же анын бир бөлүгүн төлөп бүтүрө аласыз.
Бул үчүн банктын кеңсесине кайрылып,
• негизги карыз;
• чегерилген пайыздарды төлөө үчүн жете турган сумманы беришиңиз керек.
?
Баштапкы төлөмдүн суммасын жогорулатууга болобу?
Ооба, сиз баштапкы төлөм катары батирдин жалпы баасынын 20% чейин барабар болгон сумманы төлөй аласыз. Бул кредит боюнча айлык төлөмдөрдү жана кошумча күрөө боюнча талаптарды жеңилдетет.